ИИМ кызматкерлери 5 күн күчөтүлгөн тартипте иштейт. Саптык кароодон сүрөттөр

Саптык кароого министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, ИИМ башчысы Улан Ниязбеков жана башка жетекчилер катышты.
Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Бишкектин эски аянтында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого тартылган ички иштер органдарынын гарнизондук саптык кароосу өттү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, ИИМ башчысы Улан Ниязбеков жана башка жетекчилер катышты.
1 / 5

Бишкектин эски аянтында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоого тартылган ички иштер органдарынын гарнизондук саптык кароосу өттү

2 / 5

Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, ИИМ башчысы Улан Ниязбеков жана башка жетекчилер катышты

3 / 5

Аянтта ИИМдин "Шумкар" атайын багыттагы полкунун, Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын, күзөт кызматынын, Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын, Бишкек шаарынын жана Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын бөлүктөрүнүн кызматкерлери, Ички аскерлердин аскер кызматчылары, академиянын курсанттары саптык кароого тизилишти

4 / 5

28-декабрдан 1-январга чейин ички иштер органдарынын жалпы өздүк курамы күчөтүлгөн режимде кызмат өтөшөт

5 / 5

Гарнизондук саптык кароо Ички иштер министрлигинин бөлүктөрүнүн салтанаттуу маршы менен аяктады

Аянтта ИИМдин "Шумкар" атайын багыттагы полкунун, Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын, күзөт кызматынын, Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын, Бишкек шаарынын жана Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын бөлүктөрүнүн кызматкерлери, Ички аскерлердин аскер кызматчылары, академиянын курсанттары саптык кароого тизилишти.
"Өздүк курамга жана техникага кароо жүргүзүлдү. Ошондой эле Ысык-Көл ОИИБдин базасында түзүлгөн туристтик-экологиялык милиция жана Бишкектеги аймактык тескөөчүлөрдүн жаңы образы жана ишмердиги менен таанышуу болду. Саптык кароодо өздүк курамдын көңүлү кызматтык милдеттерин абийирдүү аткарууга, коомдук тартипти сактоо, укук бузуулардын жана кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча чараларды күчөтүүгө, жарандарга сылык мамиле жасоого, мыйзам бузуулардын алдын алууга, кызматтык тартипти чыңдоого бурулду", — деп жазылган маалыматта.
28-декабрдан 1-январга чейин ички иштер органдарынын жалпы өздүк курамы күчөтүлгөн режимде кызмат өтөшөт.
Гарнизондук саптык кароо Ички иштер министрлигинин бөлүктөрүнүн салтанаттуу маршы менен аяктады.
Жомок дүйнө! Бишкектеги балатынын оту жангандагы сүрөттөр
Кайгуул милициясы арыздарды электрондук түрдө дагы кабыл алат