ЕАЭБ өлкөлөрүндө кайсы адистерге суроо-талап күч? Тизме

Ушул тапта ЕАЭБ өлкөлөрүндө саламаттык сактоо, билим берүү, айыл чарба жаатында адистер жетишпей жатканы маалым. Бул тизме жаңыланып турмакчы.
Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) ЕАЭБ өлкөлөрүнүн компетенттүү органдары менен биргеликте биримдиктин ичинде зарыл болгон кесиптердин тизмесин түздү. Бул тууралуу ЕЭКтин маалымат кызматынан билдирди.
Шарт боюнча үч же андан көп өлкөдөгү эмгек рыногунда талап кылынып жаткан адистер зарыл болуп жаткан кесип ээлери болуп саналат. Документти маал-маалы менен жаңылап туруу пландалууда.
Тизмеге көз чаптырсак, саламаттык сактоо, билим берүү, курулуш, айыл чарбасы жана IT-тармактарына адистер көбүрөөк талап кылынып жатканы байкалат. Ошондой эле автотранспорт, соода, курулуш, өндүрүш, коммуналдык чарба жааттарына жумушчулар керек.
Толук тизме менен бул шилтемеден таанышсаңыз болот.
Путин: демографиялык көйгөйлөрдөн улам Россияда жумушчу күч жетишсиз