Чолпон-Атада Жусуп Абдрахмановдун эстелиги тургузулуп, сейил бак ачылды. Сүрөт

Абдрахмановдун мамлекеттик ишмердүүлүгү илимий мекемелерде, ЖОЖдордо изилденип, доктордук, кандидаттык диссертациялар даярдалууда.
Sputnik
ЫСЫК-КӨЛ, 24-дек. — Sputnik. Бүгүн, 24-декабрда, Ысык-Көл облусуна караштуу Чолпон-Ата шаарында кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөөчүсү, алгачкы кыргыз интеллигенциясынын эң көрүнүктүү өкүлү, саясий жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахманов атындагы сейил бак ачылып, айкели тургузулду.
1 / 6

Бүгүн, 24-декабрда, Ысык-Көл облусуна караштуу Чолпон-Ата шаарында кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөөчүсү, алгачкы кыргыз интеллигенциясынын эң көрүнүктүү өкүлү, саясий жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахманов атындагы сейил бак ачылып, айкели тургузулду

2 / 6

Салтанатка мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Мирбек Кожоев, урпактарынан Замира Шамбетова, небере келини Лаура Абдрахманова жана Жусуп Абдрахманов атындагы фонддун төрагасы Мирбек Үсөбаев катышкан

3 / 6

Чогулгандар алдында сүйлөп жатып, мамлекеттик катчы өлкөдө кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөрдүн бири, кыргыз элинин чыныгы баатыры Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына арналган иш-чаралар жыл бою өткөнүн эске салды

4 / 6

Мындай иш-чаралар кийинки жылдары дагы уланарын айтты

5 / 6

Ал Абдрахмановдун мамлекеттик ишмердүүлүгүн илимий мекемелерде, ЖОЖдордо изилдеп, доктордук, кандидаттык диссертациялар даярдалып жатканын билдирди

6 / 6

Эскерте кетсек, быйыл кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө маанилүү салым кошкон, Кыргыз АССР Эл комиссарлар советинин биринчи төрагасы Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгынын урматына мааракелүү иш-чаралар республикалык деңгээлде өтүп жатат.

Салтанатка мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Мирбек Кожоев, урпактарынан Замира Шамбетова, небере келини Лаура Абдрахманова жана Жусуп Абдрахманов атындагы фонддун төрагасы Мирбек Үсөбаев катышкан.
Чогулгандар алдында сүйлөп жатып, мамлекеттик катчы өлкөдө кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчүлөрдүн бири, кыргыз элинин чыныгы баатыры Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына арналган иш-чаралар жыл бою өткөнүн эске салды. Мындай иш-чаралар кийинки жылдары дагы уланарын айтты.
Ал Абдрахмановдун мамлекеттик ишмердүүлүгүн илимий мекемелерде, ЖОЖдордо изилдеп, доктордук, кандидаттык диссертациялар даярдалып жатканын билдирди.
"Эстеликти коюуга жана аталган сейил бакты көрктөндүрүүгө, жарыктандырууга, жолдорун оңдоп, шаардыктар эс ала турган шарттарды түзүү үчүн Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан 5 миллион 686 миң бир жүз, Чолпон-Атанын жергиликтүү бюджетинен 2 миллион 300 миң сом сарпталган. Анын ичинен эстеликтин наркы 2 миллион сом деп бааланып, композиттик материалдардан жасалды. Автору 50-60 жылга кепилдик берип жатат", — деди Ысык-Көл районунун акими Калыбек Жумадылов.
Эскерте кетсек, быйыл кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө маанилүү салым кошкон, Кыргыз АССР Эл комиссарлар советинин биринчи төрагасы Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгынын урматына мааракелүү иш-чаралар республикалык деңгээлде өтүп жатат.
Түркияда Жусуп Абдрахмановдун эстелиги ачылды. Сүрөт