Бишкекте ыктыярчылар уюмунун жыйыны өтөт

Россия менен Кыргызстандын ыктыярчылар уюмунун өкүлдөрү жыл жыйынтыгын чыгарып, келерки жылга план түзүшөт.
Sputnik
БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Бишкекте 26-декабрь күнү Россия менен Кыргызстандын ыктыярчылар уюмунун жыйыны өтөт. Бул тууралуу Бишкектеги Орус үйү (Россотрудничество) билдирди.
Иш-чараны Орус үйү менен "Жеңиш мурасы" коомдук фонду уюштурууда. Эки өлкөнүн ыктыярчылары жасалган иштердин жыйынтыгын талкуулап, 2022-жылга карата бирдиктүү план түзүшөт.
Жыйында ыктыярчылар уюмунун жана Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлдөрүнүн сөз сүйлөшү күтүлүүдө. Мындан тышкары, эң мыкты ыктыярчыларга сыйлык тапшырылат.
Ыктыярчылар уюмунун жыйыны жыл сайын өтүп турат. Иш-чара жаштардын социалдык активдүүлүгүн күчөтүүгө багытталган.
Бишкекте медиктерге арналган сүрөт дубалга тартылды