БИШКЕК, 24-дек. — Sputnik. Улуттук онкология жана гематология борборунун курулушун 2022-жылдын этегине чейин аяктоо пландалып жатат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, курулуш жанданат.
"Азыр каржы булактары менен донорлорду аныктап жатабыз. Бул онкологиялык кызмат көрсөтүүнүн көптөгөн маселесин чечкен имарат болмокчу. Менимче, 2022-жылы курулуш аяктап калат", — деди министрдин орун басары.
Эске салсак, 2017-жылдын октябрь айында Бишкекте Балдардын онкология жана гематология борбору курула баштаган. Долбоорду 2018-жылдын сентябрь айында бүткөрүү пландалган. Бирок ал жылдын май айында "каржы бөлүнгөнгө чейин" деп курулуш иши токтотулган. Ошол учурда имараттын төртүнчү кабаты курулуп калган болчу.
2020-жылы сентябрда бийлик Балдардын онкология жана гематология борборун Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында куруу чечимин кабыл алган.
Ошол эле жылы февралда Балдар онкологиялык борборунун курулуп бүтө элек имараты чоңдордун гематология бөлүмүнө берүү чечими чыккан.