БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. "Акыркы көч" тасмасы Ирактагы эл аралык кинофестивалда "Мыкты оператордук иш" сыйлыгын жеңип алды. Бул тууралуу Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" киностудиясы кабарлады.
Slemani International Film Festival аттуу кинофестиваль 17-23-декабрь күндөрү Ирактын Слемани шаарында өткөн.
"Акыркы көч" көркөм тасмасын Төлөмүш Океев атындагы "Кыргызфильм" улуттук киностудиясы менен "Билимкана" коомдук фонду биргелешип тарткан. Бакыт Мукул менен Дастан Жапар уулу сценарийдин автору жана режиссёрлору болсо, Эльнура Осмоналиева продюсерлик кылып көмөктөшкөн. Оператор-коюучусу Дастан Жапар уулу.
Тасмага Марат Алышпаев, Шайыргүл Касымалиева, Бусурманкул Одуракаев, Анара Ажыканова, Калипа Үсөнова, Өмүрзак Токтомуратов жана Гүлсина Чотонова башында турган актёрлор тартылган. Анда улгайып калган белгилүү жазуучунун акыркы күндөрү чагылдырылат. Социалдык теңсиздик, жалпы маданият, искусство тармагында эмгектенген адамдардын камкордукка алынбаган абалы баяндалган.
Фильм бир катар эл аралык сыйлыктарга татыган.