Жапаров улуттук коопсуздук боюнча жарлыкка кол койду. Берилген тапшырмалар

Жаңы документ өлкөнүн улуттук коопсуздугуна келтирилген коркунучтарды алдын алуу, мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана ушул чөйрөдөгү эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында кабыл алынган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук концепциясы жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Жаңы документ өлкөнүн улуттук коопсуздугуна келтирилген коркунучтарды алдын алуу, бөгөт коюу жана нейтралдаштыруу боюнча күч-аракеттерди бириктирүү жана иштин натыйжалуулугун жогорулатуу, мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүн жана ушул чөйрөдөгү эл аралык кызматташтыкты чыңдоо максатында кабыл алынган.
Президенттин токтомунда жазылгандар:
— министрлер кабинети Жогорку Кеңеш менен өз ара кызматташып, концепцияны ишке ашырууга багытталган ченемдик-укуктук актыларды иштеп чыксын жана кабыл алсын;
— министрлер кабинети, министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар практикалык иште жана өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын камсыз кылууга тийиштүү ченемдик-укуктук актыларды жана башка документтерди иштеп чыгууда концепциянын жоболорун жетекчиликке алсын;
— концепцияны ишке ашырууну камсыз кылсын;
— министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары эки айлык мөөнөттө тиешелүү чөйрөлөрдөгү коопсуздуктун максаттуу индикаторлорун аныктоо менен кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү мезгилдерге улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун тармактык, региондук жана ведомстволук программаларын (доктриналарды, концепцияларды, пландарды) иштеп чыксын жана Коопсуздук кеңешинин катчысы менен макулдашуу боюнча аларды бекитүү үчүн министрлер кабинетине белгиленген тартипте киргизсин;
— министрлер кабинети жана президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү концепциянын жоболорунун жана иштелип чыккан программалардын ишке тартылган мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан өз убагында жана толук аткарылышын туруктуу негизде координацияласын жана мониторинг жүргүзсүн.
Өлкө башчынын 2012-жылдын 9-июнундагы эски жарлыгы күчүн жоготту.
Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү боюнча улуттук кеңеш түзүлөт