Швейцария 22 млн. доллар бөлүүгө даяр. Жапаров бир катар элчини кабыл алды

Президент үч мамлекеттин элчисинен ишеним грамота алып, алар менен түрдүү чөйрөдө кызматташууну талкуулады.
Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-декабрда, өлкөдө аккредитацияланган бир катар чет мамлекеттердин атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним грамоталарды кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 4

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-декабрда, өлкөдө аккредитацияланган бир катар чет мамлекеттердин атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним грамоталарды кабыл алды

2 / 4

Ишеним грамоталарды Швейцариянын, Монголиянын, Азербайжандын элчилери Оливье Бангертер, Ганхуяг Содном жана Латиф Сейфаддин оглы Гандилов тапшырган

3 / 4

Азем алдында чет элдик дипломатиялык миссиянын башчыларын Ардак кароол тоскону айтылды

4 / 4

Жапаров ар бир дипломат менен өз ара мамилелерди тереңдетүүнүн, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемдөөнүн, соода жүгүртүү жана инвестициялык мамилени бекемдөөнүн актуалдуу маселелерин талкуулаган.

Ишеним грамоталарды Швейцариянын, Монголиянын, Азербайжандын элчилери Оливье Бангертер, Ганхуяг Содном жана Латиф Сейфаддин оглы Гандилов тапшырган.
Азем алдында чет элдик дипломатиялык миссиянын башчыларын Ардак кароол тоскону айтылды.
Жапаров ар бир дипломат менен өз ара мамилелерди тереңдетүүнүн, саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты бекемдөөнүн, соода жүгүртүү жана инвестициялык мамилени бекемдөөнүн актуалдуу маселелерин талкуулаган.
"Мамлекет башчы өлкөлөр аралык саясий жана маданий-гуманитардык мамилелерди өнүктүрүүнүн жана тереңдетүүнүн, ошондой эле түз соода-экономикалык байланыштарды түзүүнүн, Кыргызстанга инвестиция тартууга дем берүүчү чаралардын маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Садыр Жапаров Кыргызстандын артыкчылыктуу милдеттеринин бири — чет элдик инвесторлордун кызыкчылыгын коргоо экенин баса белгиледи", — деп жазылган билдирмеде.
Кыргызстандын элчиси Рим папасына ишеним грамоталарын тапшырды. Сүрөт
Өз кезегинде Швейцариянын элчиси Оливье Бангертер Жапаровду Кыргызстандын демилгеси боюнча БУУнун Башкы Ассамблеясында 2022-жыл "Эл аралык тоолордун туруктуу өнүгүүсү" деп жарыялоо жөнүндө резолюцияны кабыл алышы жана парламенттик шайлоонун өтүшү менен куттуктаган.
Бангертер Швейцария тыгыз өз ара кызматташууга жана Кыргызстанда өнүктүрүү программасына 22 миллион доллар бөлүүгө даяр экенин белгилеген.
Монголиянын элчиси Ганхуяг Содном өлкө айыл чарба жана жеңил өнөр жай тармагындагы алакаларды кеңейтүүгө даяр экенин айткан.
Азербайжандын элчиси Латиф Сейфаддин эки өлкөнүн бардык эл аралык маселелер боюнча көз караштары жакын экенин белгилеп, Азербайжандын Кыргызстан менен инвестициялык кызматташуусун арттырууга даярдыгына токтолгон.
Жолугушуулардын соңунда президент Кыргызстандын ынак коңшулаштык, достук жана кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин дагы бир жолу белгилеп, элчилердин маанилүү жана жооптуу дипломатиялык кызматына ийгилик каалаган.
Ибрагим Жунусов Өзбекстандагы элчи кызматынан бошотулду