Россияда мигранттар үчүн акысыз орус тил курсун ачуу сунушталууда

Буга чейин Россиянын президенти Владимир Путин дагы мигранттардын орус тилин билиши өтө маанилүү экенин айтып келген. Бирок Россия лидери чет элдиктер тилди иштегени келгенден кийин эмес, өз мекенинен үйрөнгөнү жакшы экенин айтат.
Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Россиянын Коопсуздук кеңешинин алдындагы илимий кеңеш өлкөгө келген мигранттар үчүн акысыз орус тил курсун уюштуруу керек деп эсептейт. Бул тууралуу катчынын жардамчысы Алексей Павлов РИА Новости агенттигине билдирди.
"Россияга мигранттарды кабыл алуу маселеси талкууланып жатканда, алар жергиликтүү эл менен сүйлөшүшү үчүн орус тилин билиши керектиги тууралуу сөз болгон. Мигранттар барган өлкөсүнүн тилинде сүйлөй алганы ийгиликтүү интеграциядан кабар берет деп ойлойм. Андыктан мирганттар үчүн акысыз тил курстарын ачуу зарыл", — деди Павлов.
Буга чейин Россиянын президенти Владимир Путин дагы мигранттардын орус тилин билиши өтө маанилүү экенин айтып келген. Бирок Россия лидери чет элдиктер тилди иштегени келгенден кийин эмес, өз мекенинен үйрөнүп келгени жакшы экенин айтат.
Ал бу маселе КМШ мамлекеттеринин жетекчилери менен сүйлөшүп чечилиши керектигин билдирген.
Россияда эмгек мигранттары үчүн квоталарды алып салуу сунушталууда