Путин: Россия, Кытай биргеликте жогорку технологиялуу курал ойлоп чыгууда

Россия лидеринин айтымында, Кытай менен кызматташуу дээрлик бардык тармакта жүрүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Россия менен Кытай биргелешип жогорку технологиялуу куралдын кээ бир түрлөрүн иштеп чыгып жаткандыгын Россия президенти Владимир Путин жыл сайын өткөрчү маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымына караганда, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен өз ара ишенимди жараткан достук мамиледе бул нерсе аларга иштиктүү мамиле түзүүгө көмөкчү болот. Россия лидери кызматташуу бардык тармакта жүрүп жаткандыгын белгиледи.
"Кытай төрагасы Си Цзиньпин менен бири-бирибизди дос деп атап, дос деп кайрылабыз. Жеке мамилебиз да өз ара өтө ишенимдүү нукта өнүгүп, ал иштиктүү мамиле түзүүгө жакшы жардам берет. Биз коопсуздук жаатында кызматташабыз, кытай армиясы эң алдыңкы катардагы системалуу курал менен жабдылган. Куралдануунун жогорку технологиялуу түрлөрүн биргеликте иштеп чыгып жатабыз. Космос, авиация, атомдук энергия тармагында кызматташуудабыз. Куралдуу күчтөрдүн ортосундагы кызматташууну өнүктүрүп, машыгууларды өткөрүп, эл аралык оюндарды уюштуруп, абада жана деңизде кайгуул жүргүзүп келебиз. Мунун баарын өнөктөштүк деп билсе болот, эки өлкөгө тең пайда алып келген иштер жасалууда. Бул эл аралык аренадагы турукташтыра турган фактор", — деди Путин.
Ал эки өлкө 2060-жылы көмүртек нейтралдуулугуна чыгууга ниет кылып жаткандыгын, бирок Россия мындан ары да Кытайга энергоресурстарды берүүнү улантарын кошумчалады.
Россия менен Кытайдын аскерий кызматташтыгы. ЖККУ жана Борбор Азияга пайдасы