БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. РФ президенти Владимир Путинге британиялык журналист Россия Украинага кол салышы мүмкүнбү деген суроо берди. Ага жооп берип жатып Путин Россия бир дагы мамлекетке коркунуч жаратпасын билдирди.
Россия лидери жылды жыйынтыктаган маалымат жыйын өткөрүп жатат.
"Биз эч кимге коркунуч жараткан жерибиз жок. Мисалы, АКШнын же Улуу Британиянын чек арасына барып алдыкпы? Өздөрү бизге келип алып, эми Украина дагы НАТОдо болот деп жатышат", — деди Путин.
Ошондой эле ал Украинада мамлекеттик төңкөрүш болуп, адамдар өлүп жатканда, Севастополь менен Крымдын жашоочуларын кароосуз калтырып коюу мүмкүн болбогонун айтты.
"Башына мүшкүл түшүп жатканда биз кантип Севастополь менен Крымдын жашоочуларынын өтүнүчүн четке кагып коёт элек? Учурда Украинадан орустар менен орус тилдүүлөрдү сүрүп чыгарып жатышат. Бирок ал жер ошол адамдардын илгертен жашаган аймагы да", — деди президент.
Ошондой эле өлкө башчы азыр Украинада жаңы аскердик операциялар даярдалып жаткандыгы боюнча шектенүүсү бар экенин кошумчалады.
"Учурда Украинада үчүнчү аскердик операция даярдалып жатабы деген шегим бар. Донбасстагы абалды жөнгө салууга мүмкүнчүлүк берген жападан жалгыз Минск келишимин Киев аткаргысы келбей жатат", — деди Путин.
Ошондой эле ал Украинадан кимдир бирөө менен иштешүү мүмкүнчүлүгү жок экенин айтты. Президенттин билдирүүсүндө Украинада Россия менен иштегиси келген тараптын баары жок кылынууда.
Сөзүнүн аягында Путин Украина менен мамиле Донбасстагы конфликтиден улам ого берет начарлап кеткенин айтты. Ошондой эле БУУнун маалыматына таянып, пикир келишпестик башталган жети жарым жылдан бери 13 миң киши тирештин курмандыгы болгонун кошумчалады.