Путин: Россияда коллективдүү иммунитеттин 59,4 пайыздык көрсөткүчү аздык кылат

Путин Россияда жамааттык иммунитет канча болушу керектигин айтып, бул жааттагы божомолдору менен бөлүштү.
Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Россиядагы коронавирус боюнча коллективдүү иммунитеттин 59,4 пайыз болгону аздык кылат. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин жыл сайын өткөргөн маалымат жыйын учурунда айтты.
Анын билдиргенине караганда, эсептин ичине ооруп айыккан жана эмделген кишилер да кирет.
Россия президенти Владимир Путин
"Россияда жамааттык иммунитет жок дегенде 80 пайыз болушу керек. Кээ бир мамлекеттерде бул көрсөткүчтү 90-95 пайызга жеткирүү зарылдыгын айтып жатышат", — деди Россия президенти.
Россия лидери 80 пайыздык деңгээлге келерки жылдын биринчи кварталынын соңунда жана экинчи кварталдын башында жетүү керектигин белгиледи.
Маалымат жыйындын жүрүшүн Sputnik Кыргызстан сайтынан да көрүүгө болот.
Радио
Оторбаева: өлкөдө иммунизация маселеси биринчи орунда болушу керек