БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Sputnik агенттигинин "өлкө Афганистандын жаңы бийлигин (Талибан*) тааныйбы жана орус-афган мамилесинин келечеги кандай?" деген суроосуна жооп берди.
Путин Афганистандагы кырдаал Россия үчүн катардагы маселе эмес экенин, анткени Россиянын Борбор Азия өлкөлөрү менен ачык чек араларын эске алуу менен аймактагы абалды турукташтырууга эки тараптын тең кызыкчылыгы болушу керектигин белгилеген.
"Албетте, экстремисттик элементтердин бул өлкөлөргө кирүү мүмкүнчүлүгү кооптонууну жана тынчсызданууну жаратпай койбойт. Баңгизаттын тийиштүү бир көлөмү Афганистандын аймагынан келет. Дүйнөлүк рыноктогу апийимдин 90 пайызы ал жактыкы. Афганистандын башында турган күчтөр өлкөнүн жетекчилигинде бардык этностун өкүлдөрү болушуна аракет кылганы жатат. Ушул гана нерсе турукташтырууга үмүт пайда кылган шарттарды түзө алат", — деген президент.
Россиянын лидери афганистандыктарга азыр жардам берүү керектигин, муну биринчи кезекте 20 жыл бою Афганистанда болуп, өлкө экономикасын талкалагандар жасашы зарылдыгын белгилеген.
Бүгүн Путин маалымат жыйында мындан башка дагы бир топ суроолорго жооп берди. Алардын арасында Кытай менен болгон мамиле, Батыштын Россияга жасаган кысымы жана башка бир нече маселелер козголду.