Радио

Бактыгулов: оппозициянын альтернативдүү өнүгүү программасы болушу керек

Саясат таануучу Шерадил Бактыгулов коомдо бийликке каршы чыккандар оппозиция катары кабыл алынып калганын белгиледи.
Sputnik
Кыргызстанда оппозиция жок. Анткени оппозиция деген түшүнүк мыйзамда көрсөтүлгөн эмес. Бул тууралуу Шерадил Бактыгулов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, алгач оппозиция деген эмне экенин жана ага кимдер кирерин аныктап алуу керек.

"Кыргызстанда мыйзамдын негизинде оппозиция жок. Мурда мыйзамда парламенттик оппозиция деген түшүнүк бар болчу. Учурда коомчулукта бийликке каршы чыккан адамдар оппозиция катары кабыл алынып калган. Соңку 20-25 жылда айрымдар бийликте болуп, кийин андан четтеп калганда ага каршы чыгышууда. Негизинен алганда оппозициянын альтернативдүү өнүгүү программасы болушу зарыл. Учурда андай эмес, анткени эртең кызматка баргандар оппозиция болбой калып жатышат. Ошондуктан оппозиция деген эмне экенин жана ага кимдер кирерин аныктап алуу зарыл. Мына ошондо оппозиция барбы-жокпу деген суроого жооп ала алабыз. Анткен менен оппозициялык пикирлер бар. Муну ошол эле соцтармактардан көрүп жатабыз", — деди Бактыгулов.

Ал ошондой эле өлкөдө мыйзамдарды талкуулоого активдүү катышкан күчтүү жарандык коом бар экенин кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз: