Кубакы ашуусунда автоунаа бетон тосмону сүзүп, бир киши мүрт кетти

ӨКМ жеңил автоунаанын айдоочусу рулга ээ боло албай кырсыктаганын айтты. Көз жумган адамдан сырткары бир киши жабыркаган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Нарындын Кубакы ашуусунда жол кырсыгынан бир киши каза тапканын ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Каргаша бүгүн түнкү саат 03:00 чамасында Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 180-чакырымында болгон.
"Skoda Octavia үлгүсүндөгү жеңил унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдун четиндеги бетон тосмону сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен бир эркек киши каза болуп, бир эркек киши жабыркады (аты-жөнү такталууда)", — деп жазылган маалыматта.
Жерине төрт куткаруучу тартылган. Алар маркумдун сөөгүн унаадан чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Эки адам мерт болду. Кочкордо бакты сүзгөн BMW талкаланып калган