COVID инфекциясы 37 бейтаптан чыгып, Чүйдө бир киши көз жумду. Статистика

Коронавирус жуктургандар Чүй менен Бишкекте мурдагыдай эле көбүрөөк. Ош шаары менен Баткенде ооругандар катталган жок.
Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада COVID-19 инфекциясын 37 бейтап жуктуруп, бир бейтап көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Жуктургандар:
Бишкек — 13;
Чүй — 9;
Ош облусу — 2;
Талас — 1;
Нарын — 1;
Ысык-Көл — 5;
Жалал-Абад — 6.
Пандемиядан бери 184 356 кишиден жугуштуу илдет чыкты.
Каза тапкан бир бейтап Чүйдө дарыланып жаткан, ал вакцина алган эмес. Пандемиядан бери 2 788 киши өмүрү менен кош айтышты.
Акыркы суткада 42 бейтап айыгып, жалпы сакайгандар 179 442 болду.
Республика боюнча стационарда 299 киши дарыланууда. Анын ичинде эки оорулуунун абалы канааттандырарлык, 133ү орточо, 144ү оор жана 20сы өтө оор абалда. Амбулатордук түрдө 343 адам медициналык жардам алууда.
"Омикрондон" сасык тумоону кантип айырмалоого болот. Адистин түшүндүрмөсү