БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Кыргызстанга дары-дармек жана уюлдук телефондорду аткезчилик жол менен алып өтүү каналы аныкталды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, 22-декабрда Талас облусундагы Казакстан менен чектешкен "Чоң-Капка" көзөмөл-өткөрүү пунктунда "Вольво" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын айдоочусу М.М.К. кармалган.
Текшерүү учурунда жалпы суммасы 50 миллион сомдон ашык болгон өсүмдүк майы деп катталган болжол менен 1 500-2 000 коробка дары-дармек жана 348 даана уюлдук телефон табылган. Бул товарлардын тиешелүү документтери жок экени жана дары-дармекти ташуудагы милдеттүү шарттар аткарылбаганы белгиленди.
Автоунаа Россиядан келип, өлкөнүн түштүк аймагын көздөй бара жаткан.
Учурда контрабандалык жүктүн келип чыгышын жана чыныгы ээлерин аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-издөө иштери жүргүзүлүүдө.