Кайгуул милициясы арыздарды электрондук түрдө дагы кабыл алат

Кат жазуу үчүн Кайгуул милициясынын тынымсыз байланыш сайтына баш багып, өзүңүзгө керектүү бөлүмдү тандайсыз.
Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Бишкек милициясынын Кайгуул кызмат башкармалыгы мындан ары жарандардан арыз, кайрылуу жана сунуштарды электрондук түрдө дагы кабыл ала баштайт. Бул тууралуу башкармалыктын маалымат катчысы Байказы Айтикул уулу кабарлады.
Кат жазуу үчүн Кайгуул милициясынын тынымсыз байланыш сайтына бул шилтеме аркылуу киресиз. Ушул эле шилтеме Кайгуул милициясынын Instagram баракчасында көрсөтүлгөн.
Бул баракчага киргенден кийин төмөндөгү бөлүмдөрдүн бирин тандайсыз:
тынымсыз байланыштын WhatsApp номери;
кайрылуу (арыз);
жол эрежесинин бузулушу боюнча кайрылуу.
Айдоочу кайсы учурда камалышы мүмкүн: жаңы кодекстен түшүндүрмөлөр