Радио

Назаралиев: быйыл өлкөдөгү фондулук рыноктун көлөмү 7,6 млрд. сомду түздү

Кыргыз фондулук биржасынын президенти Медет Назаралиев быйыл өлкөдөгү фондулук рыноктун соода базарындагы көлөмү 7 миллиард 635 миллион сомду түзгөндүгүн айтты.
Sputnik
Үстүбүздөгү жылдын соңунда мамлекеттик көп ишканалар биржага чыгып, уставдык капиталын жогорулатышты. Бул тууралуу Медет Назаралиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, былтыр фондулук биржадагы соода көлөмү 12 миллиард сомдон ашкан.
"Ушул жылы өлкөдөгү фондулук рыноктун соода базарындагы көлөмү 7 миллиард 635 миллион сомду түздү. Төртүнчү кварталда көптөгөн мамлекеттик ишканалар биржага чыгып уставдык капиталын көбөйтүштү. Алсак, ипотекалык компания, мамлекеттик банктар кийинки жылы ишин жакшыртуу максатында ушундай жолдорго барышты. Былтыр фондулук биржадагы соода көлөмү 12 миллиард сомдон ашкан. Эми жылдын аягына чейин өткөн жылдын көрсөткүчүнө жетүү аракеттери көрүлүүдө. Мындан тышкары, жыл соңунда эки мамлекеттик компания корпоративдик облигациясын чыгарып, декабрда сатыкка койду", — деди Назаралиев.
Ошондой эле адис үстүбүздөгү жылдын башында "Манас" эл аралык аэропортунун бир акциясы 330 сом болсо, бүгүнкү күндө 900 сомго жеткендигин кошумчалады.