Кыргызстандын элчиси Рим папасына ишеним грамоталарын тапшырды. Сүрөт

Рим папасы эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын мындан аркы өнүгүшүнө тилектеш экенин билдирип, Кыргызстандын элине тынчтык жана өнүгүүнү каалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. 17-декабрда резиденциясы Берлин шаарында жайгашкан Кыргызстандын ыйык тактыдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Эрлан Абдылдаев Рим папасы Францискке ишеним грамоталарын тапшырды. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Абдылдаевдин Германиядагы элчи экенин да белгилей кетели.
"Рим папасы Франциск менен болгон жолугушууда элчи Эрлан Абдылдаев өлкө башчы Садыр Жапаровдун атынан саламын жана каалоо-тилектерин айтты. Өзүнүн кайрылуусунда Рим папасы Франциск эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын мындан аркы өнүгүшүнө тилектеш экенин билдирип, ошондой эле Кыргызстандын элине тынчтык жана өнүгүүнү каалады", — деп жазылган маалыматта.
Абдылдаев Ватиканга болгон иш сапарынын алкагында Ватикандын мамлекеттик катчысы (премьер-министри) — кардинал Пьетро Паролин жана башка жогорку кызмат адамдары менен жолугушкан.
Абдылдаев Ватиканга болгон иш сапарынын алкагында кардинал Пьетро Паролини менен
"Абдылдаев аларга өлкөдө болуп жаткан саясий жана экономикалык реформалардын негизги багыттары тууралуу маалымат берген. Кыргызстан менен Ватикандын ортосундагы түрдүү тармактарда эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүү маселелери талкууланды", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, 2022-жылы эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгын чогуу белгилөө тууралуу кеп кылышкан.
ТИМ башчысынын орун басары Каирдеги мекендештер менен жолукту. Сүрөт