2022-жылы дүйнөлүк экономиканын өсүшүнө кайсы жагдай тоскоолдук кылат

Адистин айтымында, пандемиянын кесепетинен энергия ресурстары кымбаттап кетти. Дагы деле логистика көйгөйү, локдаун коркунучтары турат. Демек, кайсы бир ишкананын өсүп-өнүгүп кетүүсү татаал.
Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Дүйнөдөгү ири банктар стагфляция абалын (экономикада өсүү темпи акырындап, ошол эле учурда баалардын жогорулашы, — ред.) алдын алууга болгон күч-аракетин жумшашы керек. Бул тууралуу "Прайм" агенттигине Колдонмо экономикалык изилдөөлөр институтунун лаборатория жетекчиси, экономист Александр Абрамов билдирди.
Адистин айтымында, ар кайсы өлкөлөр экономикасын жөлөп-таяп туруу үчүн кошумча каражат бөлүп жатат.
"Бирок пандемия дагы деле мизин кайтара элек. Кесепетинде энергия ресурстары кымбат, логистика көйгөйү, локдаун коркунучтары турат. Демек, кайсы бир ишкананын өсүп-өнүгүп кетүүсү татаал", — деди ал.
Мындай шартта, экономисттин пикиринде, борбордук банктар өздөрүнүн ставкаларын көтөрүп коюшу мүмкүн. Андай болгон учурда өзү эле араң жан болуп турган экономикага ого бетер сокку урулат. Натыйжасында экономика өнүкпөгөнү менен баалар кымбаттагандан кымбаттап кете берет.
Улуттук банктын алтын запасы ноябрда 4 млрд. сомго азайды