"Кыргыз темир жолу" алып жаткан вагондордун алгачкы партиясы келди. Сүрөт

Буга чейин "Кыргыз темир жолу" Россиядан 100 даана чакан вагон сатып аларын кабарлаган.
Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Кыргызстан сатып алып жаткан жүк ташуучу вагондордун биринчи партиясы келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
1 / 4

Кыргызстан сатып алып жаткан жүк ташуучу вагондордун биринчи партиясы келди

2 / 4

Бүгүн "Бишкек-1" темир жол станциясына 10 вагон алып келинип, аны кабыл алуу иш-чарасына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев катышкан

3 / 4

Мындан сырткары, Аалиев ишкана жамааты менен жолугуп, мамлекеттик мекемени өнүктүрүү планы көрсөтүлгөн

4 / 4

Буга чейин "Кыргыз темир жолу" ишканасы өз каражатына Россиянын "Алтай Вагон" ишканасынан 100 даана чакан вагон сатып аларын билдирген.

Бүгүн "Бишкек-1" темир жол станциясына 10 вагон алып келинип, аны кабыл алуу иш-чарасына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев катышкан.
"Ишканада көп убакыттан бери темир жол составы жаңыртылган эмес. Үстүбүздөгү жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча ишкананын финансы-экономикалык ишмердиги жакшы темпте жүрүүдө. Кирешеси 1 миллиард 600 миллион сомдон ашып, вагондорду өз бюджетинин эсебинен алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Өлкө президенти тарабынан ишкана жетекчилигине "Кыргыз темир жолун" реформалоо, коррупциялык процесстерди жоюу жана алдын алуу боюнча милдеттер коюлган", — деди Аалиев.
Ошондой эле ал жакынкы жылдары ири реформалар жүргүзүлөрүн айтып, учурда Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан жаңы темир жол магистралын куруу долбоору боюнча иш жүрүп жатканын эскертти.
"Бул ишкананын эл аралык деңгээлге чыгуусуна жана эл аралык жүктөр үчүн транзиттик коридорду камсыздоого мүмкүндүк берет. Балыкчы — Кочкор — Кара–Кече темир жолун куруу боюнча иштер жүрүүдө", — деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.
Мындан сырткары, Аалиев ишкана жамааты менен жолугуп, мамлекеттик мекемени өнүктүрүү планы көрсөтүлгөн.
Буга чейин "Кыргыз темир жолу" ишканасы өз каражатына Россиянын "Алтай Вагон" ишканасынан 100 даана чакан вагон сатып аларын билдирген.
Садыр Жапаров Балыкчы-Бостери темир жолу куруларын айтты