Путин Батыш эмнеге Россияга кысым көрсөтүп жатканына токтолду

Россия башчысы АКШнын ракеталарын Россиянын чек арасына орнотуу туурасында кескин пикирин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин жыл сайын өткөргөн маалымат жыйында Батыш Россияга басым көрсөтүп жаткан кырдаалга токтолду.
Анын айтымына караганда, Батышка Россия "өтө эле чоң көрүнүүдө", алардын кылган басымын ушул себептен улам жасап жатат деп түшүндүрсө болот.
Британиялык журналистке берген жообунда Путин НАТО 1990-жылдары Чыгышка бир дюйм да кирбей турганын айткан, бирок калп айтты деген пикирин кошту.
"Калп айтып, алдап кетишти. НАТОнун жайылышынын беш толкуну болду. Эми карагыла, Румыния менен Польша ошол тиешелүү системада пайда болду. Бирөөнү коркутуп-үркүтүп жаткан биз эмеспиз, алар биздин чек арабызга келишти го. Же АКШ менен Улуу Британиянын чек арасына биз бардыкпы?" — деп собол узатты Путин.
Ал мындан ары НАТО чыгышты көздөй жыла албай турганын, Россия лидери америкалык ракеталарды Россиянын чек арасына жайгаштырбоо ашыкча талап эмес экендигин айтты.
Россия кол салбайт! Путин Украина тууралуу суроолорго жооп берди