Баткенде жер титиреди

ӨКМдин маалыматы боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Баткен облусунун аймагында очогунда күчү үч баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.
Ага ылайык, жер титирөө 22-декабрь күнү саат 11:46да болгон.
Баткен районунун Кыштут айылында 2,5 балл, Тунук-Суу, Кан, Сай жана Тескей айылдарында 2 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Ош менен Жалал-Абадда жер титиреп, күчү 5 баллга жетти