Аида Касымалиева Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды

Касымалиева буга чейин Жогорку Кеңеште депутат жана вице-спикер болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Аида Касымалиева Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Аталган жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон.
Аида Касымалиева кесиби боюнча журналист. Бир нече жыл журналистика жаатында эмгектенип, андан соң Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын депутаты болгон.
Ибрагим Жунусов Өзбекстандагы элчи кызматынан бошотулду
Президенттин иш башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалды