Депутаттар кийинки чакырылыштын иштөө эрежесин бекитүүгө киришти

Дастан Бекешев сунушталган долбоор бир мандаттуу округдан шайлангандарга терс таасирин тийгизерин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Депутаттар Жогорку Кеңештин регламентин өзгөртүү тууралуу Конституциялык мыйзам долбоорун биринчи окууда карады.
Демилгечилердин бири Марлен Маматалиев бул долбоор регламентти жаңы Баш мыйзамга шайкеш келтирүү үчүн иштелип чыкканын билдирди.
Мында бир мандаттуу округдан шайлангандар үчүн фракцияларга кирүү же өзүнчө депутаттык топ түзүү каралган. Мурда 30 күн жумушка чыкпагандар мандатынан ажыратылса, аны 10 күнгө кыскартүү киргизилген. Ошондой эле ортого чыгып сүйлөөгө эки эмес, үч мүнөт берүү сунушталды.
Марлен Маматалиев
"Урмуттуу депутаттар, жаңы чакрылыштын кандай иштеши боюнча регламентти кабыл алып берип койсоңуздар. Биз аларга бир топ жакшы иштерди кылып берген болот элек. Эгер алар келип жаңы регламентти кабыл ала турган болсо, үч-төрт айга созулуп кетмей болууда. Бул мыйзам долбоору июль айында коомдук талкууга чыгып, парламенттик угуу да болгон. Азыр жок дегенде концепциясын кабыл алып бербесек бардык процедураларды кайра башынан башташ керек болуп калат", — деди Маматалиев.
Эл өкүлү Дастан Бекешев муну 7-чакырылыштын депутаттары карашы керектигин айтты.
Дастан Бекешев
"Токтом долбоорунда мыйзамга 10 күндүн ичинде сунуштар берилсин деп турат. Кийинки чакырылыш ишине киришкенче 10 күн өтөт да. Алар сунуштарды кимге, кайсы комитетке берет? Анда сунуш берүү мөөнөтүн 30 күнгө узартуу керек. Экинчиден, бул бир мандаттуу округдан шайлангандарга терс таасирин тийгизет экен. Депутаттык топко киргенден кийин чыга албайт экен. Эгер чыкса, дароо мандатынан ажыратуу каралган. Эл ишенген депутатты бир топко байлап коюу туура эмес", — деди Бекешев.
Анда Маматалиев сунуш-пикирлер болсо айтууга чакырды. Ошондой эле ал бүгүн концепциясы жактырылса кийинки чакырылыш экинчи, үчүнчү окуудан карай турганын айтты.
Жапаров: 6-чакырылыш Кыргызстанды деңизге чөгүп кетүүдөн сактап калды