Жапаров Азербайжандагы элчи Осмоналиевге катуу сөгүш жарыялады

Өлкө башчынын маалымат кызматы ЖМКлар чагымчыл мүнөздө жазып жаткан сөздөр элчи берген маекте айтылбаганын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 22-дек — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиевге катуу сөгүш жарыялады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Администрация бир катар ЖМКлардын Sputnik Азербайжандын пресс-борборундагы маалымат жыйынына шилтеме кылуу менен Кайрат Осмоналиевдин "Кыргызстан Орто Азия жана Кавказ өлкөлөрүнө Россиядан өзүнчө жолугушууну сунуштады" деп жарыяланган маалыматы чындыкка дал келбей турганын жана чагымчыл мүнөзгө ээ экенин билдирди.
Президенттин маалымат кызматы аталган маекте бул тууралуу сөз да болбогонун белгиледи.
Натыйжада ЖМКда бул сыяктуу бурмаланган чечмелөөгө жана айың кептерге жол берген, борбор менен макулдашылбаган билдирүүсү үчүн Жапаров Осмоналиевге катуу сөгүш жарыялоону чечкен.
Ал эми Sputnik Азербайжан элчиге таянуу менен төмөнкү маалыматты тараткан.
Садыр Жапаров айыл чарба министрине жана эки аткаминерге сөгүш берди