УКМК мурдагы депутат Бактыбек Калмаматовду кармады

Калмаматовдун социалдык тармактар аркылуу аймактар аралык кастыкты козутууга тиешеси бар экендиги тууралуу маалымат алынган. Учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Sputnik
БИШКЕК, 22-дек — Sputnik. УКМК Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматовду аймактар аралык кастыкты козуткандыгы үчүн кармады. Бул тууралуу атайын кызмат кабарлады.

"Калмаматовдун социалдык тармактар аркылуу аймактар аралык кастыкты козутууга тиешеси бар экендиги тууралуу маалымат алынган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү ("Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу") менен сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Тергөөнүн жүрүшүндө Калмаматовго карата алынган маалыматтар тастыкталды", — деп жазылган маалыматта.

Иш боюнча топтолгон далилдердин жана тиешелүү экспертизанын корутундусунун негизинде бүгүн, 22-декабрда, мурдагы депутат кармалган. Учурда УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Мыйзамда белгиленген мөөнөттө Калмаматовго айып тагылып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тергөө убагында ага карата баш коргоо чарасын тандоо маселесин карайт.
ИИМдин ички аскеринин кол башчысы Исламбек Кенжекулов кармалды