1998-жылы БУУнун башкы ассамблеясынын 53-сессиясында атайын резолюция кабыл алынып, 2002-жыл "Тоолор жылы" деп жарыяланган. Ал эми азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) дүйнөлүк деңгээлде бул жылга байланыштуу иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча координатор болуп дайындалган. Кыргызстанда ошол жылы биринчи жолу Дүйнөлүк глобалдык тоолор форуму өткөн. Анын жыйынтыгында 11-декабрда дүйнө жүзү Кыргызстандын демилгеси менен 2003-жылы БУУнун Башкы ассамблеясынын 57-сессиясында бекитилген Эл аралык тоолор күнүн белгилеп келет. Бул тууралуу Маратбек Молдалиев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2023-2027-жылдар аралыгында дүйнө жүзүнүн көңүлүн тоолуу аймактардагы маселелерге буруп, тоолуу өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтык күчөтүлөт.
"2021-жылы эл аралык донорлор үчүн президент Садыр Жапаров тарабынан 21-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясында демилгеленген "Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык" (2023-2027) концепциясынын бет ачары болду. ТИМ иштеп чыккан демилгенин башкы идеясы БУУнун алкагында тоолуу өлкөлөрдүн расмий категориясын түзүү жана жакынкы беш жылдын ичинде тоолордун көйгөйлөрүнө арналган иш-чаралардын комплексин өткөрүүнү көздөйт. Демек, бул эл аралык концепция. Алгачкы кадамдардан болуп 2022-жылды Туруктуу тоолорду өнүктүрүүнүн эл аралык жылы деп жарыялоо жөнүндө резолюция кабыл алынды. Ал эми БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясында тоолуу өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде сайд-ивент өткөрүлөт. Жыйынтыгында беш жылдык концепция бекитилет. Социалдык, гуманитардык маселелер, экономикалык маселелерди чечүү үчүн долбоорлорду иштеп чыгуу керектелет. Ошондуктан тоолуу аймактардын инфратүзүмүн куруучу технологиялардын көрсөтмөсү уюштурулат. Андан тышкары, илим, маданият жана билим симпозиуму өткөрүлөт", — деди Молдалиев.
Ал 2027-жылы жогорку деңгээлдеги сегментте бизнес-форум, конференция жана Бишкек +25 деп аталган глобалдык тоолор форуму өткөрүлүп, Бишкек декларациясы кабыл алынарын кошумчалады.