Сот БШКнын Саккараевди депутат катары каттоодон баш тартуу чечимин колдоду

БШК Медербек Саккараевди кош жарандуулугу бар деген шектенүүдөн улам депутат катары каттоодон баш тарткан болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Бишкектин административдик соту БШКнын Медербек Саккараевди Жогорку Кеңештин депутаты катары каттоодон баш тартуу чечимин колдоду.
Соттун чечими кечээ күнү чыккан. Талапкердин Жогорку сотко даттанууга укугу бар.
БШК 18-декабрда Медербек Саккараевдин кош жарандуулугу (Кыргызстан менен Казакстан) бар деген шектенүүдөн улам депутат катары каттоодон баш тарткан.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өткөн. Партиялык тизме менен 54, бир мандаттуу округдан 36 эл өкүлү шайланган. № 31 Чүй-Кемин шайлоо округунан 9 906 добуш менен Медербек Саккараев уткан. Экинчиде 8 551 добуш менен Тынайбек Жансеитов келе жаткан.
Сот Жанар Акаевге мандатын кайтарып берди