"Учурда республика боюнча 780 аксакалдар сотунда 4 387 адам иштейт. Алардын эң башкы милдеттеринин бири — чатакташкан эки тарапты жараштыруу. Сокулуктагы өспүрүм кызды зордуктоо боюнча окуяда шектүүнүн үй-бүлөсүн айылдан чыгаруу боюнча абдан татаал чечим болду. Анткени жергиликтүү тургундар аксакалдар сотуна дал ушундай талап коюшкан. Аксакалдар соту мындай маселени кароого укугу жок экенин айтып, чечим кабыл алууга убакыт сурашкан. Абал улам курчуп укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө чейин кол көтөрүү болуп, окуя татаалдашып кетти. Эки күндөн кийин тургундар ал үй-бүлө айылдан чыгарылбаса, үйүн өрттөп жиберишерин айтышкан. Натыйжада айласыздан ушундай чечим кабыл алынган. Ооба, юридикалык жагынан алганда мыйзам бузулган. Экинчиден, мындай чечим чыкпаса кан төгүлүп кетүү коркунучу бар болчу. Анын үстүнө ал үй-бүлө айылда тынч жашай алмак эмес, коопсуздугуна кепилдик жок болчу. Ошондуктан абалды жөнгө салуу үчүн ушундай чечим кабыл алынган", — деди Мамакеева.