БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы "Инфоком" мамлекеттик ишканасы менен биргеликте салык төлөөчүлөр үчүн булут электрондук кол тамга берүү боюнча пилоттук долбоорун ишке киргизүүдө. Бул тууралуу аталган ведомство билдирди.
Булут электрондук кол тамга акысыз берилет.
"Электрондук кол тамганы Бишкек шаарынын Свердлов, Ленин, Биринчи май, Октябрь райондору, Ош шаары жана Чүй облусунун Сокулук менен Аламүдүн райондору боюнча салык органдарынын бирдиктүү терезесинен алууга болот", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, булут кол тамга Бишкек шаары боюнча Ишкерлерди тейлөө борборунда да берилет (Жибек Жолу пр., 381, 2-кабат).
Электрондук кол тамганы алуу менен салык төлөөчүлөр Бирдиктүү идентификациялоо системасы аркылуу салык отчётторун жана декларацияларды тапшыруу үчүн "жеке салык кабинетин" жана башка мамлекеттик кызматтарды пайдалана алышат.
Салык кызматы жарандарды жана салык төлөөчүлөрдү долбоорго активдүү катышууга жана көрсөтүлгөн салык органдарынан, Ишкерлерди тейлөө борборунан электрондук кол тамгаларды алууга чакырат.