Садыр Жапаров: электр энергияны сатуу үчүн үч маселени чечишибиз керек

Өлкө башчы энергетика тармагынын мааниси жана анда иштеген адистердин эмгегин бааларын айтып, андан соң көйгөйлүү маселелерге токтолду.
Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Кыргызстан өзүнүн энергетика тармагын өнүктүрүп, энергияны экспорттоого тоскоолдук жараткан бир канча көйгөйлөрдү чечүү керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун Энергетиктер күнү менен куттуктоосунда айтылат.
Алгач өлкө башчы энергетика тармагынын мааниси жана андагы адистердин эмгегин бааларын айтып, андан соң көйгөйлүү маселелерге токтолгон.
"Кыргызстанда өзүнүн эң маанилүү тармагын өнүктүрүүгө жана энергияны экспорттоочу мамлекет болушуна тоскоолдук жаратып жаткан бир канча көйгөй бар. Алардын негизгиси — электр кубатынын жетиштүү топтомдо болбогондугу. Өзүбүздө чакан жана ири гидроэлектростанцияларды куруу жана энергиянын башка, кайра жаралуучу булактарынан пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүбүз болуп туруп бөлөк өлкөлөрдүн энергетика тармагын өнүктүрүүгө салым кошууга аргасыз болуп келебиз", — деген Жапаров.
Ошондой эле ал тармактын потенциалын арттыруу үчүн бир катар тапшырмаларды аткаруу зарыл экенин айтты.
Алар:
иштеп жаткан ГЭСтердин кубаттуулугун 20 пайызга көтөрүү менен бирге толук кандуу реконструкциялоо жана жаңылоо;
Борбордук жана Түштүк Азиядагы төрт мамлекетти бириктирип турган электр энергиясын берүүчү жогорку чыңалуудагы жаңы тутумду (CASA-1000) киргизүү;
Нарын дарыясында кубаттуулугу 100 мегаватт болгон Куланак ГЭСин иштетүү. Мамлекеттик-менчик өнөктөштүгүнүн алкагында Талас облусундагы Киров суу сактагычында өндүрүмү 25 мегаватт болгон Бала-Саруу ГЭСин, ал эми Орто-Токой суу сактагычында кубаттуулугу 21 мегаватт түзгөн чакан ГЭСти жана Кемин районунун Чүй айланма каналында чакан ГЭСти ишке киргизүү.
Кыргызстанда бир катар энергетикалык компаниялар бирикмей болду