Депутаттар 2022-жылга республикалык бюджетти бекитти. Дефициттин көлөмү

Бюджеттин киреше бөлүгү 282,1 миллиард сом — бул өлкөнүн ички дүң продукциясынын 39,5 пайызын түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Парламент 2022-жылга республикалык бюджетти бекитти.
Бүгүнкү жыйында маселе экинчи жана үчүнчү окууда каралып, депутаттар тарабынан колдоо тапты.
Ага ылайык, бюджеттин киреше бөлүгү 282,1 миллиард сом — бул өлкөнүн ички дүң продукциясынын 39,5 пайызын түзөт. Ошондой эле быйылкыга салыштырмалуу 93,9 миллиард сомго көп.
ЖКнын Бюджет жана финансы комитетинин төрагасы Эмил Токтакуновдун айтымында, салыктык кирешелер 76,9 миллиард сом, салыктык эмес кирешелер 1,65 миллиард сом деп болжолдонууда.
Ал эми бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн суммасы 291 миллиард сомду түзөт. Муну менен дефицит 9,1 миллиард сом деп белгиленди.
Финансы министри фискалдаштыруунун жана көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруунун натыйжасында киреше булагы көбөйөрү күтүлүп жатканын билдирди.
Парламент Салык кодексинин жаңы редакциясын жактырды
Пресс-борбор
Министр: Бажы жана Салык кызматтарындагы "сол чөнтөк" жок кылынды