Өкмөт үйүнүн алдында митинг өтүп жатат. Видео

Жаңы салык кодексинин долбоору боюнча, базарда кийим-кече саткандар соода борборундагы дүкөндөргө окшоп ККМ колдонуп, кардарга чек берүү талап кылынат. Бирок айрым сатуучулар буга каршы чыгып жатышат.
Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Бишкекте өкмөт үйүнүн алдында базарда иштеген сатуучулар митинг өткөрүп жатышат. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.
1 / 2

Бишкекте өкмөт үйүнүн алдында базарда иштеген сатуучулар митинг өткөрүп жатышат

2 / 2

Маалыматка караганда, алар контролдук кассалык машина (КММ) менен соода кылууга каршы болуп жатышат

Маалыматка караганда, алар контролдук кассалык машина (КММ) менен соода кылууга каршы болуп жатышат.
Эске салсак, буга чейин Жаңы салык кодексинин долбоору кабыл алынган. Ага ылайык, "Дордой" сыяктуу ири жана кичи базарларда контролдук кассалык машина (ККМ) менен соода кылуу милдеттендирилет.
Башкача айтканда, базарда кийим-кече саткандар соода борборундагы дүкөндөргө окшоп ККМ колдонуп, кардарга чек берүү талап кылынат. Мунун аткарылышына базар ээлери жооптуу болот.
Митингчилердин бири КММ аппаратка эмне себептен каршы чыгып жатканын айтты.
"Биз колду алган ашыкча иштерге каршыбыз. Аппарат менен чуркап, бухгалтерия ачып жүргүбүз келбейт. Мунун баары бизге керек эмес. ККМ аппаратка каршыбыз. Биз ансыз деле салык төлөп жатабыз, бизге ошол нерсе жетет", — деди митингчилердин бири.
Топтолгондордун алдына президенттин администрациясынын өкүлү чыгып, аларга имаратка кирүүнү сунуштады.
Базардагылар да ККМ менен соода кылууга милдеттендирилет. Жаңы Салык кодекси