Жаңы депутаттарды каттоо токтотулду. Себебин Шайлдабекова түшүндүрдү

28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоону БШК өттү деп тааныган. Бирок Чүй-Кемин округу боюнча жыйынтык чыга элек.
Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жетинчи чакырылыштын депутаттарын каттоо эмне себептен токтотулганын түшүндүрдү. Бул тууралуу ал БШКнын 22-декбардагы жыйынында сөз кылды.
Буга чейин Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаттары бүгүн ишин жыйынтыктабаганы, ал эми жаңы эл өкүлдөрүнүн мандат алуу мөөнөтү кийинкиге жылдырылганы айтылган.
Шайлдабекованын айтымында, учурда жыйынтык боюнча төрт арыз сотто каралып жатат, анын ичинде бир мандаттуу округдар дагы бар.
Эске салсак, 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоону БШК өттү деп тааныган. Бирок Чүй-Кемин округу боюнча жыйынтык чыга элек.
№ 31 Чүй-Кемин шайлоо округунан 9 906 добуш менен Медербек Саккараев уткан. Кийин 18-декабрда БШК аны Медербек Саккараевдин кош жарандуулугу (Кыргызстан менен Казакстан) бар деген шектенүүдөн улам депутат катары каттоодон баш тарткан.
Кеткен депутаттар эмнеге өкүнөрүн жана эмне менен алектенерин айтышты. Видео
Депутаттар 2022-жылга республикалык бюджетти бекитти. Дефициттин көлөмү