Нутрициолог рак оорусун чакырчу көп желген азыкты атады

Дарыгер аллергиясы бар адамдарга колбасадан таптакыр эле баш тартууну сунуштаган. Аталган азыкка организмге пайдасын тийгизбеген нерселер көп кошулат.
Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Ышталган колбасаны көп колдонуу ракка кабылуу тобокелчилигин кыйла жогорулатат. Бул тууралуу нутрициолог Мария Тихомирова билдиргенин РИА Новости кабарлады.
Анын айтымында, аталган азыкта соя, даам күчөткүч, нитрат, консервант, төмөнкү сапаттагы май көп.
"Колбасага эт деле кошулат. Бирок анын сапаты күмөн жаратат. Мындай колбаса гистаминдин деңгээлин жогорулатат. Ошондуктан аллергиясы барлар андан баш тартканы оң. Мындан сырткары, бул азыктын курамында нитрозодиметиламин абдан көп. Бул ашказан рагына кабылуу тобокелчилигин жогорулатат", — деген адис.
Буга чейин адистер ышталган колбаса адамды чарчата турганын айтышкан.
Майрамдан кийин кантип арыкташ керек? Дарыгер-диетологдун кеңеши