Кантта базальт буласын (имаратты жылуулаган материал) чыгарган завод тесттик режимде иштей баштады.
Аталган долбоор Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган. Заводду ишке берүү иш-чарасынан тартылган видеону РКӨФтүн башчысы Артём Новиков социалдык тармактагы баракчасына жүктөдү. Фонддун сайтында аталган завод 2020-жылы курулганы жазылган.
Маалым болгондой, базальт буласынын баары өлкөгө сырттан келет.
Новиковдун айтымында, "Изо-Пенопласт ЛТД" заводу азырынча бул материалды өндүргөн жападан жалгыз ишкана. Ал компания аймактардагы өндүрүштү өнүктүрүүгө салымын кошот деп ишенерин айткан.
2022-жылдан тарта импорт алмаштыруу болсо, кийин аталган товарды экспорттоо пландалууда.
Ишкана жылына 20 миң тонна даяр продукция чыгара алары айтылды. Ошондой эле жергиликтүүлөр үчүн 100 жумуш орду түзүлөт.
Тема боюнча: