Өкмөт эл каттоо боюнча кеңешме өткөрдү. Талкууланган маселелер

Коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстанда калкты каттоо иштери 2020-жылдан 2022-жылга жылдырылган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев 2022-жылы Эл жана турак жай фондун каттоо боюнча республикалык комиссиянын биринчи кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Кожошев калкты каттоо процесси канчалык маанилүү экенине токтолгон.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев
"Калкты каттоо 10 жылда бир жолу өтөт. Бул демографиялык саясатты жана социалдык-экономикалык программаны иштеп чыгууга, эмгек миграциясынын абалын талдоого, социалдык объектилерди курууда муктаждыктарды баалоого мүмкүндүк берет. Калкты каттоо коронавирус пандемиясынан улам жылдырылган. Эми 2022-жылы болот. Республикалык маанидеги масштабдуу иш-чараны ийгиликтүү, сапаттуу жана өз учурунда өткөрүү үчүн тийиштүү даярдык иштерин жүргүзүү зарыл", — деди Кожошев.
Кеңешменин жүрүшүндө Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов каттоого даярдык тууралуу маалымат берип, аткарылып жаткан негизги иштердин календарлык планы каралган.
Жыйынтыгында Финансы министрлигине эл жана турак жай фондун каттоону өткөрүү үчүн финансылык каражат бөлүүнү кароо тапшырмасы берилген.
Документтерди эми милиционерлерге смартфондон эле көрсөтсө болот. Шарттары