Кыргызстанда бир катар энергетикалык компаниялар бирикмей болду

Реформа аймактык электр тармактарын өнүктүрүү, энергетикалык компаниялардын ортосунда ресурстарды рационалдуу кайра бөлүштүрүү максатында жасалып жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. – Sputnik. Кыргызстанда энергетикалык компаниялардын саны эки эсеге, тагыраагы, 14төн жетиге кыскартылат. Бул тууралуу Улуттук энергохолдинг кабарлады.
Бириктириле турган компаниялар:
"Электр станциялары" ААК менен "Бишкек жылуулук тармагы" ААК;
"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК менен "Түндүк электр", "Чыгыш электр", "Ош электр" жана "Жалал-Абад электр" ААКтары кошулат;
"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК менен бөлүштүрүүчү компаниялардын биригүүсү эки этапта жүрө турганы айтылды.
"Алгач "Түндүк электр", "Чыгыш электр, "Ош электр" жана "Жалал-Абад электр" биригип, андан кийин аларга "Кыргызстан улуттук электр тармагы" кошулат", — деп жазылат маалыматта.
Ишкананын маалымат кызматы билдиргендей, энергосектордогу реформанын негизги максаты чыгымдарды оптималдаштыруу, аймактык электр тармактарын өнүктүрүү, энергетикалык компаниялардын ортосунда ресурстарды рационалдуу кайра бөлүштүрүү болуп саналат.
Электр кубатын ашыра колдонгон энергокомпаниялардын башчылары иштен бошотулат