VI чакырылыштын депутаттары бүгүн кетпей калды. Себеби

Бүгүн эл өкүлдөрү ишмердүүлүгүн аяктап кетери айтылган болчу.
Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары бүгүн ишин жыйынтыктаган жок.
Бүгүн эл өкүлдөрү ишмердүүлүгүн аяктап кетери айтылган. Ал эми эртең, 23-декабрда, жаңы чакырылыштын депутаттары келери күтүлгөн.
Бирок жыйындын соңунда депутаттар жабык эшик артында талкуу өткөрүштү. Андан соң төраганын милдетин аткарып жаткан вице-спикер Аида Касымалиева журналисттерге кайрылып, бүгүн сессия жыйынтыкталбаганын билдирди.
"Жаңы шайланган депутаттарга БШК мандат бериши керек. Учурда ал маселе чечиле элек. Себеби депутаттар кийинки чакырылыш келгенге чейин иштеши зарыл", — деди Касымалиева.
Азырынча VII чакырылыштын депутаттары качан келери белгисиз.
Кеткен депутаттар эмнеге өкүнөрүн жана эмне менен алектенерин айтышты. Видео
Кеткенден кийин да Ак үйгө түз кирип-чыга берели. Депутат Ибраевдин сунушу