COVID 50 адамдан аныкталып, бир бейтап көз жумду. Соңку маалымат

Республикадагы ооруканаларда 295 бейтап дарыланып жатат. Алардын 130у орточо, 145и оор жана 20сы өтө оор абалда экени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Кыргызстанда 22-декабрга карата COVID инфекциясын 50 бейтап жуктуруп, бир киши көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Ооругандар:
Бишкек — 18;
Ош шаары — 1;
Чүй — 5;
Ош — 10;
Нарын — 1;
Ысык-Көл — 4;
Жалал-Абад — 10;
Баткен — 1.
Пандемиядан бери 184 319 адам жугуштуу илдетке чалдыкты.
Көз жумган бейтап Чүйдөн катталды, ал коронавируска каршы вакцина алган эмес. Инфекциядан баш-аягы 2 787 киши көз жумду.
Акыркы суткада 48 бейтап ооруну жеңип, ушуну менен сакайгандар 179 400 болду.
Республикадагы ооруканаларда 295 бейтап дарыланууда. Алардын 130у орточо, 145и оор жана 20сы өтө оор абалда. Амбулатордук түрдө 354 адам жардам алып жатат.
COVID-19га каршы эмделгендерге кошумча доза алууга уруксат берилди