БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Ош облусунун Чоң-Алай районунда Кичи жана Улуу Памирден келген этникалык кыргыздарга арналган атайын шаарчанын курулушу кийинки жылы башталат. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.
Ага ылайык, министр Талды-Суу айылында жашап жаткан этникалык кыргыздар менен жолуккан.
"Президент Садыр Жапаров Кашка-Суу айылынан жер бөлүп берип, курулушка капсула салган. Учурда иштер уланууда. Быйыл бюджеттен 10 миллион сом бөлүнүп, 70 гектар жер трансформацияланды. Ошондой эле айылдын башкы планын түзүү, инженердик-архитектуралык пландоо иштери бүткөрүлдү. Курулуш иши кийинки жылы башталат", — деп айтылат билдирүүдө.
Базарбаев памирлик кыргыздарга азык-түлүк жана кышкы кийим түрүндөгү гуманитардык жардам тапшырган.