Бишкек шаарынын тургуну Кытайга колдоо көрсөтүү үчүн пенсиясын которгон

Кытайдын Кыргызстандагы элчиси эпидемиологиялык оор кырдаал учурунда кыргызстандыктар кытай элине колдоо көрсөткөнүн белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Пандемия учурунда Бишкек шаарынын улгайган тургуну кытай элине коронавирус менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн пенсиясын берген. Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелерине 30 жыл толгонуна байланыштуу өткөн университеттер аралык жаштар форумунда билдирди.
1 / 4

Пандемия учурунда Бишкек шаарынын улгайган тургуну кытай элине коронавирус менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн пенсиясын берген

2 / 4

Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь эки өлкөнүн дипломатиялык мамилелерине 30 жыл толгонуна байланыштуу өткөн университеттер аралык жаштар форумунда билдирди

3 / 4

Анын айтымында, коронавирус менен күрөшүүдө эки өлкөнүн элдери бири-бирине колдоо көрсөтүүдө

4 / 4

Кытай үчүн оор кырдаалда Кыргызстандын өкмөтү Уханга гумжардам жөнөткөн

Анын айтымында, коронавирус менен күрөшүүдө эки өлкөнүн элдери бири-бирине колдоо көрсөтүүдө. Кытай үчүн оор кырдаалда Кыргызстандын өкмөтү Уханга гумжардам жөнөткөн.
"Кыргызстандык достор кытай элине ар кандай колдоо көрсөттү. Бишкектин улгайган тургуну элчиликке келип, өзүнүн бир айлык пенсиясын кытай элин колдоо үчүн берди", — деди элчи.
Ал окуя качан болгонун тактаган жок.
Дэвэнь Кытай дагы Кыргызстанга колдоо көрсөткөнүн, анын ичинде вакцина менен медикаменттерди бергенин кошумчалаган.
"Кыргыз-Кытай достук жолу — 30 жылдык ийгиликтүү кызматташуу" аттуу иш-чара Кыргыз-Россия Славян университетинде өттү.
Кыргызстанга Sinopharm вакцинасынын 1,5 млн. дозасы алып келинди