Бишкекте жаңы подстанция ишке кирип, 7 конушта электр энергиясын берүү жакшырды

Жаңы көмөк чордон Дордой, Эне-Сай, Дордой-2, Теңдик, Келечек, Нургожо-Ата, Мурас-Ордо конуштарын электр энергиясы менен камсыздоонун сапатын жакшыртат.
Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкектин четиндеги "Алтын казык" аттуу 110/10 киловаттык жогорку чыңалуудагы подстанциянын салтанаттуу ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 5

Президент Садыр Жапаров бүгүн Бишкектин четиндеги "Алтын казык" аттуу 110/10 киловаттык жогорку чыңалуудагы подстанциянын салтанаттуу ачылыш аземине катышты

2 / 5

Жапаров алгач энергетиктердин бүгүнкү кесиптик майрамы менен куттуктаган

3 / 5

Ага көмөк чордондун курулуш долбоору жөнүндө маалымат берилип, иштөө тартиби жана башкаруу тутумун көрсөтүшкөн

4 / 5

Жергиликтүү тургундар райондун көп жылдан берки электр энергиясы менен камсыз кылуу маселеси чечилгенине ыраазычылык билдиришкен

5 / 5

"Алтын казык" көмөк чордону бир катар конуштарда жашаган керектөөчүлөрдү жана объектилерди электр энергиясы менен камсыздагандан сырткары "Главная", "Тепличная", "Кара жыгач", "Төмөнкү Ала-Арча" көмөк чордондорундагы жүктөмдү (алар 220, 110, 35, 10 киловаттык) азайтат.

Жапаров алгач энергетиктердин бүгүнкү кесиптик майрамы менен куттуктаган. Ага көмөк чордондун курулуш долбоору жөнүндө маалымат берилип, иштөө тартиби жана башкаруу тутумун көрсөтүшкөн.
"Президент 110/10 киловатт жогорку чыңалуудагы "Алтын казык" жаңы көмөк чордонун пайдаланууга берүү менен Дордой, Эне-Сай, Дордой-2, Теңдик, Келечек, Мурас-Ордо, Нургожо-Ата жана башка конуштарын, ошондой эле бул аймактарда иш алып барган өнөр жай жана коммерциялык объектилерди электр кубаты менен камсыздоо жакшыра турганын белгиледи", — деп жазылган маалыматта.
Жергиликтүү тургундар райондун көп жылдан берки электр энергиясы менен камсыз кылуу маселеси чечилгенине ыраазычылык билдиришкен.
"Алтын казык" көмөк чордону бир катар конуштарда жашаган керектөөчүлөрдү жана объектилерди электр энергиясы менен камсыздагандан сырткары "Главная", "Тепличная", "Кара жыгач", "Төмөнкү Ала-Арча" көмөк чордондорундагы жүктөмдү (алар 220, 110, 35, 10 киловаттык) азайтат.
Кыргызстанда бир катар энергетикалык компаниялар бирикмей болду