Жогорку сот Атамбаевдин ишин бир айдан кийин карамай болду

Буга чейин Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев эгерде Жогорку сот Батукаев боюнча протоколун жокко чыгарса, Атамбаев коё берилиши мүмкүн экендигин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Жогорку сот мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин ишин караган жок, отурум 17-январга жылдырылды. Бул тууралуу сот имаратынын жанына чогулгандарга жактоочу Сергей Слесарев айтты.
Ушул эле маалыматты Жогорку соттон да билдиришти.
Слесаревдун айтымында, арыз берген юристтердин бири 2013-жылы мыйзамсыз бошотулган кримтөбөл Азиз Батукаевдин ишинин материалдары менен таанышканга жетишпей калган. Бирок адвокат бул нерсе отурумду жылдырууга себеп эмес деген оюн билдирип, Жогорку сотто иш көп убакыттан бери кармалып жатканын айтты.
"Тилекке каршы, бүгүн биз күткөн нерсе болгон жок. Биз акыркы болбосо да маанилүү чекит коюлат деп үмүттөнгөнбүз. Атамбаев №47 түзөтүү мекемесинде калтырылды", — деди Слесарев.
Буга чейин Атамбаевдин эки иш боюнча камакка алуу бөгөт чарасы жокко чыгарылганы айтылган. Соттон Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу жана Түркиянын жарандарына паспортторду мыйзамсыз берүү иштери бир өндүрүшкө бириктирилген.
Атамбаевдин дагы бир адвокаты Замир Жоошев эгерде Жогорку сот Батукаев боюнча протоколун жокко чыгарса, Атамбаев коё берилиши мүмкүн экендигин билдирген.
Юрист Жогорку сот 12-октябрда Башкы прокуратуранын өтүнүчү менен Атамбаевге бул иш боюнча чыккан өкүмдү кайра жандандыргандыгын эске салган. Ошентип сот Атамбаев боюнча төмөнкү инстанциянын өкүмүн 2020-жылдын ноябрында жокко чыгарган өзүнүн чечимине каршы чечим кабыл алды. Анда Жогорку сот Биринчи май райондук сотуна ишти жаңыдан кароого жиберген.
Жоошев эгерде бүгүн Жогорку соттун коллегиясы ишти Атамбаевдин пайдасына карата чечсе, өкүм жокко чыга турганын айткан.
Атамбаев Батукаевдин иши боюнча 11 жыл эки айга эркинен ажыратылган.
Акаев: актай барактан баштайлы десек, Атамбаевди да үй камагына чыгарыш керек