Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүүнүн мөөнөтү жылдырылды

Атамбаевдин дагы бир адвокаты Замир Жоошев эгерде Жогорку сот Батукаев боюнча протоколун жокко чыгарса, Атамбаев кое берилиши мүмкүн экендигин билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Кой-Таш окуялары боюнча отурум болуп, анда соттук териштирүүлөрдүн мөөнөтүн узартуу маселеси каралды. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

“Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев фигурант болгон Кой-Таш окуясы боюнча териштирүүлөрдүн мөөнөтү эки айга, тагыраагы, 2022-жылдын 27-февралына чейин жылдырылды”, — деп айтылат билдирүүдө.

Соттон маалымдашкандай, отурумда айыпталуучулардын баш коргоо чарасын өзгөртүү маселеси каралган эмес.
Ошондой эле айыпталуучу Равшан Жээнбековдун баш коргоо чарасы жокко чыгарылды деген маалымат чындыкка туура келбеси кошумчаланды.
Ал эми Жогорку сот Батукаев боюнча Атамбаевдин ишин бүгүн карабай, отурум 17-январга жылдырылды.
Буга чейин Атамбаевдин эки иш боюнча камакка алуу бөгөт чарасы жокко чыгарылганы айтылган. Соттон Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу жана Түркиянын жарандарына паспортторду мыйзамсыз берүү иштери бир өндүрүшкө бириктирилген.
Жогорку сот Атамбаевдин ишин бир айдан кийин карамай болду
Атамбаевдин дагы бир адвокаты Замир Жоошев эгерде Жогорку сот Батукаев боюнча протоколун жокко чыгарса, Атамбаев кое берилиши мүмкүн экендигин билдирген.
Юрист Жогорку сот 12-октябрда Башкы прокуратуранын өтүнүчү менен Атамбаевге бул иш боюнча чыккан өкүмдү кайра жандандыргандыгын эске салган. Ошентип сот Атамбаев боюнча төмөнкү инстанциянын өкүмүн 2020-жылдын ноябрында жокко чыгарган өзүнүн чечимине каршы чечим кабыл алды. Анда Жогорку сот Биринчи май райондук сотуна ишти жаңыдан кароого жиберген.
Жоошев эгерде бүгүн Жогорку соттун коллегиясы ишти Атамбаевдин пайдасына карата чечсе, өкүм жокко чыга турганын айткан.
Атамбаев Батукаевдин иши боюнча 11 жыл эки айга эркинен ажыратылган.
Атамбаевден коркуп жатасыңарбы? Карамушкина Жогорку сотко нааразы болду