БИШКЕК, 21-дек. – Sputnik. 2021-жылдын он айында Кыргызстандан сыртка 443 миллион 30 миң доллар которулган. Бул тууралуу Улуттук банктын маалыматында айтылат.
Былтыркы жылдын январь айынан октябрь айына чейин сыртка чыгарылган акчанын көлөмү 395 миллион 150 миң долларды түзгөн.
Эгер ар кайсы жылдын он айындагы маалыматтарды салыштыра турган болсок, анда азыркы көрсөткүч көлөмү жагынан экинчи орунда турат.
Кыргызстандан сыртка эң көп акча (444, 8 миллион доллар) 2018-жылы которулган. 2019-жылдын январь-октябрь айларында да чет мамлекеттерге чыгарылган каражаттын саны 400 миллиондон ашып 439 миллион долларды түзгөн.