Радио

Жунушев: сүрөтчүлөр мамлекеттин колдоосуна муктаж

Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү Жакшыбек Жунушев кыргыз сүрөтчүлөрү советтик мектептин жолун улантып, мыкты чеберлери менен мактана аларын айтты.
Sputnik
Колорит бөлөк болгондуктан башка элдерден бир топ өзгөчөлөнүп, кыргыз сүрөтчүлөрүнүн эмгектери жогору бааланган. Бул тууралуу Жакшыбек Жунушев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кыргыз сүрөт искусствосунун түптөөчүлөрүнүн бири Семён Чуйковдон кийин өлкөдө кыргыз живопись мектеби пайда болгон.
"СССР учурунда кыргыз балдары Москвадагы Василий Суриков атындагы сүрөт институтунда жана Санкт-Петербургдагы Илья Репин атындагы сүрөт академиясында окусам деген кыялы болгон. Анткени аталган окуу жайлар тармактагы эң алдыңкы мектептердин катарына кирип, күчтүү адистер тарбияланып чыкчу. Жалпысынан советтик мектептин баары бирдей ыкма менен окуткан. Сүрөтчүлөрдүн жан дүйнөсү бири-бирине окшошуп кетет. Тамаша иретинде "сүрөтчүлөр өзүнчө калк" деп айтып коюшат. Бирок биздин колорит бөлөк болгондуктан башка элдерден бир топ өзгөчөлөнүп, кыргыз сүрөтчүлөрүнүн эмгектери жогору бааланган. Коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу биз ошол системаны бүгүнкү күнгө чейин сактап кала алдык. Анткен менен сүрөтчүлөргө мамлекет тарабынан колдоо болсо дагы эмгектер жаралат эле", — деди Жунушев.
Ошондой эле адис учурда сүрөт искусствосуна кызыккан жаштар көбөйүп, музейлерде тынымсыз көргөзмөлөр уюштурулуп жаткандыгын кошумчалады.