БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. Сокулукта жоголгон 10 жаштагы Данил Семёнов аман-эсен табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББ билдирди.
Маалыматка караганда, бала Сокулуктун көчөлөрүнүн биринен табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.
Буга чейин милиция Семёнов 19-декабрь күнү үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын кабарлап, издөө жарыялаган.